«Мен өлкөдөн убактылуу чыгып кеттим, себеби Икрамжан Илмиянов камакка алынгандан кийин шектүү жагдайлар, чалуулар пайда болду. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаевге айтканымда, ал убактылуу өлкөдөн кетип туруумду сунуштады. Эч кимден качкан жокмун, кетип бара жатып документтерди Атамбаевге калтыргам. Бул өзүмдүн коопсуздугум үчүн болчу, бирок интернетке чыгып кетет деп ойлогон эмесмин. Эс алуум бүтөрү менен кайтып барганымда, мага басым болбойт деп үмүттөнөмүн«,-деди ал.
Эске салсак, укук коргоочу Нурбек Токтакунов президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган.