Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси видео кайрылуу жасады

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 1326 | 0
2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Надира Сатыгул кызынын коомчулукка кайрылган видеосу жарыяланды. Видео кайрылууда Сатыгул кызы укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун буга чейин чыгарган Жээнбековдун шайлоо кампаниясында сарптаган «кара кассасы» боюнча айтылган маалыматтары тууралуу айткан.

«Мен өлкөдөн убактылуу чыгып кеттим, себеби Икрамжан Илмиянов камакка алынгандан кийин шектүү жагдайлар, чалуулар пайда болду. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаевге айтканымда, ал убактылуу өлкөдөн кетип туруумду сунуштады.  Эч кимден качкан жокмун, кетип бара жатып документтерди Атамбаевге калтыргам. Бул өзүмдүн коопсуздугум үчүн болчу, бирок интернетке чыгып кетет деп ойлогон эмесмин. Эс алуум бүтөрү менен кайтып барганымда, мага басым болбойт деп үмүттөнөмүн«,-деди ал.

Эске салсак, укук коргоочу Нурбек Токтакунов президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM