Биз менен байланышыңыз

Тоо кен тармагындагы иш «канааттандырылган жок» деп табылды

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 603 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Чечимге ылайык, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тоо кен ишин жүргүзүүдөгү аракети канааттандырарлык эмес деп табылып, аталган мекеменин жетекчилигинин жоопкерчилиги каралсын деп табылган.

Чечимде айтылгандай, Өкмөт быйылкы жылдын 1-мартына чейин Кен казуу тармагын өнүктүрүү жана жер казынасын коргоо боюнча концепцияны иштеп чыгышы керек. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө ички жана тышкы инвестицияларды тартууга багытталган иштиктүү механизмдерди иштеп чыгуу талабы да коюлду.

Кен чыккан жерлерди чалгындоого-иштетүүгө лицензияларды берүүнүн жол-жоболорун автоматташтырып, «Түндүк» системасы системасына туташтыруу керектигин да белгиленген.

Кошумчалай кетсек, 30-январда Коопсуздук кеңеши болуп, анда тоо кен маселеси каралган.

Copyright © 2017 Maral FM