Биз менен байланышыңыз

Бир катар жергиликтүү сотторго судьялар дайындалды

Кыска кабар | 27 Янв 2019 | 771 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл жана Чүй облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облустук сотуна 1, Бишкек шаардык сотуна 2 жана Чуй облустук сотуна 6 талапкерди сунуштаган.

19-январда мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. 3 талапкер боюнча материалдарды Судьялард тандоо кеңешине кайтарып берди.

Биринчи Жарлык менен жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 6 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен Ысык-Көл облустук сотуна — Алмазбек Апышев, Бишкек шаардык сотуна — Замирбек Алгожоев,Чүй облустук сотуна — Тынара Абдиева, Тилек Абдырашитов, Акматали Алибаев, Миргуль Жаналиева дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM