Connect with us

Акаев: Келечекте мамлекеттик ММКларды сатыш керек

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 663 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мамлекеттик массалык маалымат каражаттарын жеке жактарга сатуу керектигин айтып чыкты. Эл өкүлү мындай оюн “Пирамида” каналына кошумча 6 млн сом бөлүү боюнча маселени кара жатып билдирди.

-Келечекте мамлекеттик массалык маалымат каражаттарын; Кабар агенттигин, 5-каналды, Пирамиданы, баарын сатыш керек. Мамлекет ошончонун баарын кармап кереги жок. Өкмөт өзүнүн маалыматтык саясатын жүргүзүүнү кааласа, реформа жасаса эле журналисттер өздөрү ансыз деле чагылдырат, — деди эл өкүлү.

Анда ал Жогорку Кеңештин жыйынын түз чагылдырып жүргөнү үчүн “Пирамида” каналына 6 млн сом бөлүү керектигин белгиледи.

Бишкектеги балатыга 10 млн сомдон көп акча кеткен. Ал көп болсо 15 күн турат. 6 миллион бир канал үчүн көп деле акча эмес, — деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш “Пирамида” каналына буга чейин 4 млн сомдон бөлүп келген. Жетекчилиги ал каражат жетишсиз болуп жатканын айтып, кошумча 6 млн бөлүү өтүнүчү менен кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM