Биз менен байланышыңыз

Айтиев: Таза суу үчүн каржылоону токтотуу боюнча банктардын расмий каты жок

Пикирлер | 17 Окт 2018 | 784 | 0

Бир дагы банктан таза суу үчүн каражат бөлүүнү токтотуу боюнча расмий кат жок. Бул тууралуу АРИС агенттигинин директору Бекболот Айтиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда эч бир долбооор токтогон жок. АРИСтин долбоорлору өз деңгээлинде иштеп жатат.

«Өкмөт Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүп жатат. Анткени бул чоң келишим. Дүйнөлүк банк боюнча мамлекет тарабынан дагы  сүйлөшүүлөр жүрсө керек. АРИС аткаруучу гана орган. Мен кызматка келгенден бери Ислам банкы, Сауд өнүктүрүү фонду менен 4 млн долларга келишим түзүлдү. Алар акчаны максаттуу пайдалансаңар, каржылоону токтотпойбуз деп жатышат», — дейт Айтиев.

Буга чейин укук коргоочулар жана эл өкүдөрү Айтиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп жатканын, мындан улам эл аралык донорлор таза суу үчүн каражат бөлүүнү токтоторун айтышкан.

АРИСтин уставы боюнча мекеменин жетекчисин байкоочу кеңеш шайлайт. Ал эми Айтиев өзүнө эч бир мекемеден ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп жатканы боюнча расмий кат келбегенин айтты.

«Эч бир банк мени менен иштеше албай турганын айтып кат жазган жок. Анара Дауталиева өзү жазган катты айтып жатат. Эгер кат келген болсо мага көрсөтсүн. Мен директор болгонго чейин АРИСте, БУУнун өнүктүрүү программаларында иштегем. Кызматка келип губернатор, акимдер менен жолугуп аймактарды кыдырдык. Бул тууралуу коомчулуктан сурасаңар болот»,— дейт Айтиев.

Маалым болгондой, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Айтиевге 6 айлык сыноо мөөнөтүн берген.

«Кандай иштеп жатканын сынап көрөбүз деген. Буга чейинки аткаруучу директорлорго дагы сыноо мөөнөтү берилген экен. Жетекчилердин квалификациялык талаптары бар. АРИСтин байкоочу кеңеши жетекчиликке менин талапкерилигимди көрсөтүшкөн», — дейт Айтиев.

Copyright © 2017 Maral FM