Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматында бир катар кадрлар алмашты

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 435 | 0

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев бир катар кадрларды дайындады. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, 4-мартта кол койгон буйругуна ылайык, Таалай Бейшеналиев ЖАМКнын башкы штабынын жетекчиси болду. Ал буга чейин №5 абактын башчысы болгон.

Нурлан Дүйшөбаев ЖАМКнын ички аудит бөлүмүнүн жетекчилигине көрсөтүлдү. Ал буга чейин аталган бөлүмдүн жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген;

Уланбек Акелов Беловодское айылындагы №45 жатак-колониясынын башчылыгына дайындалды; Азамат Айманбетов №38 абактын жетекчиси болду.

Ошондой жле ЖАМКнын борбордук аппаратындагы орун алмашуулардан кийин мекеменин төмөнкү катмарларынын жетекчилери да алмаша турганы айтылды.

Мелис Турганбаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчылыгына 8-февралда дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM