Биз менен байланышыңыз

Третьяков галереясынан жоголгон сүрөт табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 726 | 0

Москвадагы мамлекеттик Третьяков музейинен уурдалган сүрөт кечээ табылып, шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирген.

Анда айтылгандай, сүрөттү уурдаган жаран Москва облусундагы Заречье айылынан кармалган. Ал сүрөттү ошол эле айылга жашырып койгон. Алдын ала маалыматтарга караганда күнөөлүү сүрөттү сатып, пайда көрүү максатында алган.

Шектүүнүн аты азырынча атала элек, бирок анын мурда баңгизат сактоого айыпталып, өлкөдөн чыкпоо шарты бар экени маалым болду.

Бирок өзү сурак учурунда 27-январь күнү эмне иш кылганын сураганда: «Эстей албай атам. Эс тутумуму жаңылашым керек. Мен Орусиянын мыйзамына баш ием. Буга чейин такыр соттолгон эмесмин» деген актануусун угууга болот.

Музейдин көзөмөл видеосунан байкалгандай шектүү көпчүлүк элдин көзүнчө келип, сүрөттү рамасынан чыгарып кеткен. Күбөлөр аны музейдин кызматкери деп ойлошкон. Буга байланыштуу коопсуздук кызматы аны көз боемочулукка да текшерүүнү кароодо.

Эске салсак, XIX кылымдагы атактуу сүрөтчү-пейзажчы Архип Куюмжунун «Ай-Петри. Крым» картинасы эки күн мурда Третяков галереясында уурдалган. Буга чейин да анын «На закате», «Развалины в степи» жана «Днепр» аттуу пейжаздары уурдалып, табылган. Куюмжунун 180ге жакын чыгармасы 2017-2019-жылдар үчүн атайын көргөзмөлөргө чыгарылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM