Шашылыш кабар:

Кутуев: Милицияны кызматтан алуу реформа кылууга жатпайт

Кутуев: Милицияны кызматтан алуу реформа кылууга жатпайт
Күн Чабыт
0

Ички иштер министрлиги 24-июлда биринчи жарым жылдыкта аткарган иши тууралуу маалыматберди. Алты ай ичинде 15 миңге жакын кылмыш катталып, 13 миңге жакын иш козголгон. Анын ичинен 10 миңден ашык кылмыш иштин бети ачылып, 9 миңдейи сотко жөнөтүлгөн. Жыйында милициядагы ички тартип, жумуштан алынган кызматкерлер жана коомдо резонанс жараткан иштердин тергелиши боюнча маалыматтар айтылды.

Дал ушул өлкөнүн ички тартибин көзөмөлгө алган органдын ишмердүүлүгү… Тагыраагы милициядагы ички тартип жана анда ички иштер министрлигинде жасалды деп жаткан реформалар тууралуу «Күн чабыт» программасында мурдагы ички иштер министри  Өмүрбек Кутуев  айтып берди.

Алты ай ичинде эле  Ички иштер министрлигинен 92 кызматкер биротоло айдалыптыр. Муну милициядагы ички тазалануу деп атоого болобу?

-Албетте мен ички иштер органдары тазаланды дегенден алысмын. Бирөөнү алып, ордуна башканы койгондон сумма өзгөрбөйт. Ошондуктан кызматкерлерди жумуштан алгандан  кызматкерлер эмес, алардын башында турган жетекчилерди оңдош керек.Баардык ишти ар бир кызматтын, бөлүмдөрдүн жетекчилери карашы керек.Эгер сапаттуу иш жүрбөй жаткан болсо, ошолор жумуштан алуу керек. Көчөдөгү кызматкерди жумуштан алуу менен эч нерсе өзгөрбөйт. Убагында мен дагы кызматкерди жумуштан алып көргөм. Бир коллегияда 25-30 кишини алып көргөнбүз. Андан эч нерсе өзгөрбөйт. Ошондуктан кызматкерлерге үйрөтүү гана керек. Аларды бир нукка салуу  абзел.

Президент коррупция менен күрөш аесуз жүрүп жатканын айтууда. Коррупция менен күрөш күч органдарында кандай жүрүшү керек?

Коррупцияны тап-такыр жоюп салабыз деген сөз болбойт. Биздикиндей коррупция АКШда дагы, Түркияда дагы бар. Бирок муну азайтыш ошол органдын милдети. Бирок реформа кылуу бул кайра эле акчага келип такалат. Бүгүнкү күнү ИИМ акча аз. Кызматкерлердин маянасы өтө кичинекей көлөмдө. Ошондуктан өкмөттөн акча сураганда чоң көлөмдөгү каражатты эмес, аз-аздан сураган пайдалуу болот. Кызматкерлердин маянасын дагы кичинекей кызматкердикинен баштап жогорулатканда утуш болот. Ошондо коррупциялык көрүнүштөр дагы кыскарып отурат.

-Маегиңизге рахмат!

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache