Биз менен байланышыңыз

Имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 495 | 0

Кыргызстандагы жалпы имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.

Китеп Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча иштелип чыгып, айыл аймактагы имамдарга колдонмо курал катары берилмекчи.

Китептерди мусулмандарынын дин башкармалыгынын тиешелүү бөлүмдөрү даярдап чыгып, андагы берилүүчү маалыматтар имамдар үчүн маанилүү жана пайдалуу болмокчу.

Иштелип чыгуучу колдонмо китептер жеңилдетилип жазылып, аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM