Биз менен байланышыңыз

Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 989 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Касымалиев 2017-жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын аткарууда кемчилик кетирген.

Өкмөт башчы мындан тышкары Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча бир катар кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM