Ош шаарында ооруканадан өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан тутанган өрттү өчүрүүгө жалпы 5 эсеп жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо толугу менен саат 10:05те өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 468 чарчы метрди түзгөн, жабыркагандар жок.