Connect with us

2024-жылда дүйнөдөгү урунттуу учурлар

Дүйнө , Жаңылык , Кыска кабар | 30 Дек 2024 | 350 | 0

Навальный түзөтүү мекемесинде каза болду.

2024-жылдын февраль айында Орусияда белгилүү опозициячыл саясатчы, журналист президент Путиндин режимине ачык күрөшкө чыккан Алексей Навальный Орусиянын Ямало-Ненецск автономдук округундагы №3 түтөтүү мекемесинде 16-февралда 47 жаш курагында каза болду. Ал 2021-жылдан бери жаза аткаруу мекемесинде жаза өтөп жаткан.

Хрокус Ситидеги теракт

22-март кечинде Москвадагы «Крокус-Сити Холл» имаратында бир канча камуфляжчан адамдар автоматтан ок чыгарган. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, теракттан 145 адам каза болгон.

Бул ишке байланыштуу жалпысынан шектүү катары 18 адам камакка алынган алардын көбү Тажикстандын жарандары болгону кабарланган.

Кытай Айдан Жерге топурак кыртышын алып келди

Тарыхта биринчи жолу кытайлык Айдын Чанъэ-6 зонду Айдын алыскы тарабынан Жерге топурак үлгүлөрүн жеткирди.

Chang’e 6 тарабынан алынган үлгүлөр окумуштууларга планеталар кантип пайда болот деген негизги суроолорго жооп табууга жардам берет.

Ушуну менен Кытай Айдын алыскы тарабына космостук аппараттарды эки жолу кондурган жалгыз өлкө болуп калды. Буга чейин кытай 2019-жылы Айдын алыскы изилденбеген тарабына космостук станциясын кондурган. Окумуштуулардын айтымындын Айдын алыскы бетин изилдөө абдан татаал. Себеби ал жакта тегиздик дээрлик жокко эсе.

Окумуштуулар Айдын арткы бетинде муздун издери бар экенине, андан суу, кычкылтек жана суутек алууга мүмкүн экенин изилдешүүдө.

Кубаныч, жаңжал коштолгон Париж олимпиадасы

2024-жылдын 26-июлунан 11-августга чейин Франциянын борбору Париж шаарында XXXIIIчү жайкы олимпиада оюндары болуп өттү.

Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземинде эле ызы-чуу коштолду. Уюштуруучулар Иисус Христостун 12 шакирти менен кечки тамакта отурганын (Тайная вечеря) Леонардо да Винчинин жараткан эмгеги боюнча сахналаштырган. Театралдаштырган бул эпизодду көптөгөн көрүүчүлөр “христиан динин тутунгандарды ачык шылдыңдоо” катары кабыл алышкан.

Мындан тышкары суудагы спорттун түрлөрү Париждин чок ортосунан агып өткөн Сена дарыясында орун алган. Анда суунун булганчтыгынан маселе жаралып, айрым спортчулар нааразычылыгын билдиришкен.

Олимпиадалык оюндардын жыйынтыгы менен мадалдык эсеп боюнча АКШ биринчи орунда болсо, Экинчи орунда кытай жанан үчүнчү орунду Жапония камсыздады. Кыргызстан 2 күмүш, 3 коло, жалпы 6 медаль менен катышуучу өлкөлөрдун арасынан 68чи орунду камсызай алды.

Армения менен Азербайжандын чек ара маселеси чечилүүдө

Армения менен Азербайжан тынчтыкка жетишүү үчүн бардык фундаменталдуу маселелер боюнча макулдашканын Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Казандагы саммитте “БРИКС плюс” форматындагы жолугушууда билдирген.

Анын айтымында Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишими 80-90% макулдашылган, аймактык бүтүндүктү өз ара таануу жана келечекте эки өлкө бири бирине дооматтарды койбостон дипломатиялык мамилелерди түзүүгө ыкталганын кабарлаган.

Армения ЖККУдан чыгууну көздөөдө

Армения ЖККУга бардык деңгээлдеги катышууну токтотконун, өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян 1-сентябрдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Буга чейин Никол Пашинян ЖККУга каршы бир нече жолу кескин сын-пикирлерин жарыялаган. Анын негизги нааразычылыгы – бул уюм Тоолуу Карабактагы согуш маалында күтүү позициясын карманып, Ереван алдындагы милдеттенмесин аткарбаганын жүйөө келтирген.

Февраль айында премьер-министр Армения ЖККУга мүчөлүгүн токтотуп жатканын, май айында Ереван уюмдун бюджетине төгүмдөрдү төлөөнү токтоторун билдирген.

Израиль Газа тилкесинде кыргын салгуусуна бир жылдан ашты. Жакынкы чыгышта абал курчуду.

Жакынкы чыгышта Израиль армиясы Газа тилкесине жасаган токтоосуз ракталык соккулардан улам Газанын саламттыкты сактоо уюмунун 2024-жылдын 25-ноябрда тараткан маалыматы боюнча 44235 Газалык тургун кыргынга учураган.

31-июлда Изариль бийлиги ХАМАС тобунун саясий лидерлери Исмаил Ханияны Ирандын аймагында өлтүрүлгөнүн кабарланды. Исмаил Хания Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышкандан кийин Тегерандагы штаб-квартирасында сионисттердин чабуулунан каза болгонун ХАМАС билдирген.

7-августта ХАМАС тобу жаңы саясий жетекчиси Яхья Синвар болгонун жарыялаган. 16-октябрда Израиль армиясы ХАМАСтын жаңы жетекчиси Яхья Синварды Газа тилкесинин түштүгүндөгү операция учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген.

ХАМАСтын мурдагы лидери Исмаил Хания Иранда өлтүрүлгөндөн кийин Иран бийлиги Израилге жооп кайтарыларын билдирген. 1-октябрда Иран Израилдин аймагына 180 даана ракета жана учкучсуз учактар менен чабуул жасаган. Ирандын чабуулуна жооп кылып Израиль армиясы 26-октябрда Ирандын курал жарак чыгарган ишканаларына жана аскердик объектилерине ракета менен сокку урган.

18-ентябрда Израиль армиясы Хезболланын мүчөлөрүнө 5000 пейджерге орнотулган жарылуучу заттан 3000 адам жарат алып, 9 киши көз жумган. 25-сентябрда Цахал Ливандын түштүгүндөгү Хезболланын аскердик объектилерине операция баштаганын жарыялап Ливандын борбору Бейрутка жана өлкөнүн бир нече аймагыны чабуул жасап, ондогон адамдар каза тапты.

27-ноябрда Израиль менен Ливандын аймагында жайгашкан  Хезболланын ортосундагы ок атышпоо келишими эки тараптуу күчүнө кирди.

Декабарь айынын башында Израиль бийлиги Сирия менен чектеш нейтралдуу аймак болгон Голан дөнсөөлөрүнө көзөмөл орнотту. Сирияда жаңы бийликке келген оппозициянын лидери Ахмед аш-Шараа Израилди “негизсиз эскалациялоо” үчүн айыптаган.

Мындан тышкары Израиль армиясы арап жарым аралынын түштүгүндөгү Иемендик хуситтер жайгашкан аймакка дагы бир нече жолу ракеталык сокку жасаган. Иемендик хуситтер буга жооп кылып 21-декабрда Израилге сокку урган, анын кесепетинен 16 киши жарадар болгону кабарланган.

Сирияда Башар Асад бийликтен кулатылды

Сирияда ноябрь айынын аягында бийликтеги Башар Асадга каршы бириккен күчтөр алгач Алеппо шаарын ээледи. Андан ары жүрүп отуруп, “Хаят Тахрир аш-Шам” тобу  8-декабрга караган түнү борбор калаа Дамаск шаарына кирип келген. Бул мезгилде Сирияны 24 жыл башкарган Башар Асад Орусияга учуп кеткен. Көп өтпөй Москва ага башпаанек бергени маалым болгон.

Асаддардын үй-бүлөсү Сирияны 1971-жылдан бери башкарып келген. Башар Асаддын атасы Хафез Асад 1960-жылдардан тарта бир катар аскерий төңкөрүштөрдүн активдүү катышуучусу болгон. Хафез Асад 2000-жылы кайтыш болгондо, анын 34 жаштагы уулу Башар Асад бийликке келген.

Грузияда жанданган толкундоолор, Орусияга ыктаган бийлик, батышчыл оппозиция

Грузияда 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуштардын дээрлик көп бөлүгүн бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы алган, оппозиция жана өлкөнүн президенти парламенттик шайлоонун жыйынттыгын тааныбай турганын жарыялашкан. Мындан улам өлкөдө нааразычылык жаралган.

Ал арада премьер-министр Кобахидзе Грузиянын Евробиримдикке мүчө боло турган макулдашууларды 2028-жылга чейин токтоткон. Кобахидзенин мындай аракети өлкөдө нааразычылыкты тутанткан.
Оппозиция жана президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн жетекчиси Кобахидзени Орусияга ыктаган аракеттери үчүн айыптаса, Премьер-министр Кобахиде оппозицияны ашынган батышчыл катары баалап келет.

Дональд Трамп кайрадан бийликке келди

5-ноябрда АКШда президенттик шайлоодо Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен ашык добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи уткан.

78 жаштагы Дональд Трамп АКШнын экинчи мөөнөткө шайланган 47чи президенти болот. Анын инаугурациясы 2025-жылдын 20-январда өтөт.

Украина-Орусия согушу

13-декабрда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте 2022-жылдын февраль айынан бери Орусия менен Украинадагы жоготуулардын саны 1 миллиондон ашканын билдирген. Марк Рютте апта сайын эки тараптан тең 10 миңден ашык адам өлүп же жарадар болуп жатканын белгилеген.

Буга чейин 8-декабрда АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украинанын жоготуулары 400 миң кишиге жеткенин, ал эми Орусияныкы 600 миңге чукул деп баалаган.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалыматты четке кагып, украин армиясынын жоготуулары орусиялык жоготуулардан бир нече эсе көп экенин билдирген. Эки өлкө тең учурда согушта жоготуулар боюнча так маалымат бербей келет.

АКШ Укаинага 2024-жылы — 19,5 миллиард долларлык жардам көрсөткөнү бул каражат 2022-2023-жылдары бөлүнгөн суммандан азыраак болгону маалымалдалды.

Сентябрь айында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Украинага сокку урган мезгилде Украин армиясы тараптан дагы Орусияга соккулар болоорун билдирген. Ал арада Украина Орусиянын Курск аймагында, Англияда иштелип чыккан робот иттер менен душмандарга каршы согушуп жатканы ошондой эле аласкы аралыкка атуучу НАТОго мүчө өлкөлөргө тиешелүү “Атакамс” жана “Патриот” ракеталары менен Орусияга сокку урууга урурсаат берүүсүн суранып келүүдө.

Орусия быйыл 2024-жылы Түндүк Корея менен алакасын чыңдап, душмандан бирге коргонуу боюнча келишимге кол койду. Мындан тышкары Түндүк Кореядан 10 миңден ашууну согушкерди Украина менен согуштагы фронтко жайгаштырганын чет элдик басылмалара жазышты.

Катарлаш катталган учак кырсыктары

25-декабрда Казакстандын Мангыстау облусунда «Актау» эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакта Азербайжан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары бар болгон. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 жаран ооруканага жеткирилген.

29-декабрда Түштүк Кореянын Муан эл аралык аэропортуна конгон учак кырсыкка учурап, андагы 179 жүргүнчү каза болду.

Учак Тайланддын борбору Банкок шаарынан Түштүк Кореяга учуп келген. Жалпысынан бортто 181 адам болгон. Анын ичинен 6 адам экипаждын мүчөлөрү экени кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM