Connect with us

АКШ Украинага аскердик жардамдын суммасын азайтты

Кыска кабар | 29 Дек 2024 | 243 | 0

АКШ бул жылы  Киевге 19,5 миллиард долларлык аскердик жардам берди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу аз. 2023-жылы 24,7 миллиард долларлык аскердик жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар, Пентагондун маалыматтарына таянып жазышты.

АКШнын 2024-жылдагы биринчи жардам пакети кечеңдеп, каржы бөлүү маселеси мартта гана бекитилди. Апрель айында Конгресс курал-жаракка кошумча 60 миллиард доллар бөлүү бекитилген.

Ал арада, Presidential Drawdown Authority механизми аркылуу миллиард доллар бөлүү каралган.

Жыйынтыгында Украина АКШдан 2024-жылы — 19,5 миллиард долларлык жардам, 2023-жылы — 24,7 миллиард доллар, 2022-жылы 19,875 миллиард доллар алды.

Бөлүнгөн каражаттын негизги бөлүгү Украинанын абадан коргонуу жаатына жумшалган. Пентагондун маалыматы боюнча, Киевге үч даана Patriot батареясы берилген, NASAMS жана Patriot ракеталарынын дагы саны көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM