Connect with us

Актаудагы учак кырсыгы: 20 жаштагы кыргызстандык өзүнө келди

Кыска кабар | 28 Дек 2024 | 1353 | 0

25-декабрда Казакстандын Актау шаарында кырсыкка кабылган учакта жаракат алган 20 жаштагы кыргызстандык өзүнө келди. Бул тууралуу коомдук ишмер Асол Молдакматова Фейсбуктагы баракчасына видео жүктөдү.

Видеодон дарыгер «атаң келиптир, тааныдыңбы?»,- деп жатканын көрүүгө болот.

«Биринчи келгенде абалы оор болуп, комага жаткырганбыз. Азыр абалы жакшы боло баштады, мына сизди таанып жатат»,- деп баланын абалы тууралуу атасына айтып жатканын көрүүгө болот.


Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган үч кыргызстандыктын абалы тууралуу сүйлөшкөн.
Анда алардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто экендиги айтылган. Алар 36, 26 жана 20 жашта.
25-декабрда Мангыстау облусунда «Актау» эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакта Азербайжан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары бар болгон. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 жаран ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM