Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда бир күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында мамлекет башчы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.