Connect with us

Кыргызстан арап өлкөлөрүнө визасыз режим киргизди

Кыска кабар | 26 Дек 2024 | 250 | 0

Кыргызстан 2025-жылдын 4-январынан тартып Сауд Аравия Падышачылыгы, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар, Кувейт мамлекеттеринин, Оман Султандыгынын жана Бахрейн Падышачылыгынын жарандары үчүн визасыз режим киргизди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган өлкөлөрдүн туристтик максатта келген жарандары Кыргызстандын аймагында 360 күндүк мөөнөттүн ичинде 180 күндүк мөөнөттө уруксат берүүчү документтерди алуусуз жүрүү укугуна ээ болушат.

Башка максаттар менен кирген учурда визиттин тиешелүү максаттарына (мисалы: эмгек ишмердигин жүргүзүү, окуу) визаларды тариздөө талап кылынарын маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM