Президент Садыр Жапаров 24-декабрда иш сапары менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барды.
Мамлекет башчыны Санкт-Петербург шаарынын Губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.