23-декабрдан 24-декабрга караган түнү Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээли дүйнөдөгү абасы начар шаарлардын сап башына чыкты. Атмосферага кара түтүн өзгөчө саат 19:00дөн 24:00гө чейин көбүрөөк чыгып жатканын, абанын сапатына мониторинг жүргүзгөн AQAir уюмунун сайтында жарыяланды. Бишкекте айрым конуштардын тургундары үйлөрүн көмүр жагып, жылытууга аргасыз болуп келет. Айрыкча кечкисин күн сууган маалда көмүрдөн чыккан кара түтүндүн абага жайылышы адаттан тышкары байкалууда. Мындай учур шаар тургундарынын саламаттыгына зыяндуу экенин адистер белгилейт.
Аба булганган учурда адистер шаар тургундарына көчөгө чыккан маалда бет кап тагынууну жана атайын каражаттар менен үйдүн ичиндеги абаны чыпкалоону сунуштайт.