Орусиянын билим берүүнү көзөмөлдөө башкармалыгы Орусияда эмгектенген мигранттардын балдарынын орус тилин билүүсүнө методикалык материалдарды жана тестирлөө системаларын даярдоону аяктап жатканын вице-премьер-министр Дмитрий Чернышенко билдирди. Тесттин өзү 2025-жылдын 1-апрелинде башталышы пландалууда.
Ал түшүндүргөндөй, бөлүм баалоо критерийлерин даярдап жатат жана азыртан баштап окуучулар үчүн ар кандай деңгээлдеги тестирлөө талап кылынат. «Кийинки жылдын 1-апрелинен тарта мындай иштер биздин өлкөнүн бардык окуу жайларында системалуу түрдө өнүгөт», — деди ал РИА Новостиге берген маегинде.
Ал критерийлер боюнча толук маалымат берген жок. Чернышенко жыл сайын 155 миңдей мигрант бала орус мектептерине барарын кошумчалады.
11-декабрда Мамлекеттик Дума мигранттардын балдарын орус тилинен билимин текшербестен мектепке кабыл алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Демилгечи Думанын төрагасы Вячеслав Володин, вице-спикер Ирина Ярова баштаган топ жана бардык фракциялардын лидерлери болду. Мамлекттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин ар кандай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мигранттардын 41%ы орус тилин билишпейт же начар билишет деп билдирди. Президенттик кеңеш бул мыйзамга каршы чыгып, ал “улуттар аралык кастыкты жана чыр-чатакты күчөтөт” деп билдирген.