Connect with us

АЭУнун студенттери Президенттик стипендияга ээ болушту

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 176 | 0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине Президенттик стипендия тапшыруу аземи өттү.

90 стипендиаттын катарында «Ала-Тоо» Эл аралык жана бизнес укук кафедрасынын 4-курсунун студенттери Нурайым Доолотбекова жана Элина Асекова да бар.

Президенттик стипендия окуудагы жана илимий ишмердүүлүктөгү жогорку жетишкендиктери үчүн тапшырылып, ар бир стипендиатка 60 миң сом өлчөмүндө сыйлык берилди.

Президенттик стипендия менен сыйланган студенттер алар үчүн стипендия окуудагы жана илимий иштеги аракеттеринин таанылышы гана эмес, мындан аркы өнүгүүгө күчтүү мотивация болорун айтышты.

«Президенттик стипендияны тапшыруу аземи биз үчүн жашообуздагы маанилүү окуя жана өзгөчө учур болду. Президент Садыр Жапаровдун өз колунан ушундай жогорку сыйлыкты алуу – бул чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Анын эмгекчилдик жана кесипкөйлүк тууралуу айткан сөздөрү бизди жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырды десек болот. Президенттик стипендия биздин окуудагы жана илимий ишибиздеги аракеттерибиздин таанылышы гана эмес, мындан аркы өнүгүүгө күчтүү мотивация болуп саналат. Биз кафедрабызга дайыма көрсөтүп келген колдоосу жана мүмкүнчүлүктөрү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Алган билимибиз менен Кыргызстанды өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошобуз деп терең ишенебиз».

Садыр Жапаров Президенттик стипендия жөн гана сыйлык эмес, студенттердин эмгегинин, максаттуулугунун жана кесипкөйлүккө умтулуусунун символу экенин белгиледи.

Ал таланттуу жана максаттуу жаштарды колдоонун маанилүүлүгүн, алардын өлкөнү өнүктүрүүгө жана элдин руханий баалуулуктарын сактоого умтулушун баса белгиледи. Мамлекет башчысы бардык стипендиаттарга мындан аркы ийгиликтерди жана кесиптик чөйрөдө чоң жетишкендиктерди каалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM