Connect with us

Израиль Сирия менен талаштуу аймакка элди жайгаштырат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2024 | 298 | 0

Израилдин өкмөтү Голан дөңсөөлөрүндөгү конуштарды кеңейтүү планын бекитти. Бул тууралуу Jerusalem Post гезити жазды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Голан тоолуу аймагына изрилдиктер отурукташып, ал жерди өнүктүрөөрүн жана стратегиялык маанилүү бул аймак мамлекетти чыңдай турганын билдирди. Басылманын маалыматына караганда, жөөт мамлекетинин бийлиги бул аймактын калкын эки эсеге көбөйтүүнү көздөп жатат.

Голан дөңсөөлөрү Сирия менен Израилдин ортосунда талаштуу аймак катары белгилүү. Израиль аймактын көбүрөөк бөлүгүн көзөмөлдөсө, чыгыш бөлүгү Сирияга тиешелүү. Сирияда Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Израиль нейтралдуу аймакка көзөмөлдү кеңейте баштаган. 9-декабрда «Аль-Маядин» телеканалы Израил армиясы Сириянын Латакия жана Тартус провинцияларындагы буталарына сокку урганын кабарлаган. Өлкөдө бийликке келген оппозициянын лидери Ахмед аш-Шараа Израилди “негизсиз эскалациялоо” үчүн айыптоодо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM