Connect with us

Президент алгачкы ипотекалык үйлөрдү тапшырды

Кыска кабар | 16 Дек 2024 | 257 | 0

Президент Садыр Жапаров алгачкы ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндө жайгашкан жаңы көп кабаттуу турак жай комплексинен 549 батирдин ачкычы тапшырылды.

“Бүгүн биз мамлекеттик турак жай программасынын алгачкы жемиштерине күбө болдук. Бул башталышы гана. Биз алдыда дагы 40 миңден ашуун батирди жарандарга тапшырмакчыбыз. Максатыбыз – ар бир кыргызстандыкты өз үйүнө жеткирүү,” – деди президент.

Скрябин көчөсүндөгү 15 кабаттуу 7 блоктон турган турак жай комплексинде: бир бөлмөлүү – 202, эки бөлмөлүү – 202 батир жана үч бөлмөлүү – 145 батир бар.

Жалпы аянты 33 миң чарчы метрди түзгөн комплекс жашоо үчүн бардык шарттар менен камсыздалган. Жылытуу, суу, электр энергиясы борборлоштурулган, 119 унаа үчүн жер астындагы токтоочу жайы бар.

Буга чейин президенттик Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жыл аягына чейин мамлекеттик ипотека аркылуу 2200 үй-бүлө батир менен камсыз боло тургандыгын айткан.

Учурда 40 миңден ашуун жаран мамлекеттик ипотекада кезекте турат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM