Мамлекет башчы Садыр Жапаров 14-декабрда Кыргызстанда учурдагы энергетикалык абал тууралуу “Кабар” агенттигине маек берди.
Анда Садыр Жапаров азыркы маалда электр энергиясына болгон тартыштык 3,9 млрд кВт саатка жеткенин, буга 30 жыл аралыганда малекетте ГЭСтер курулбаганын мисал келтирди.
Буга байланыштуу Кыргызстан акыркы жылдары энергиянын альтернативдүү булактарынан энергия өнүрүүнү жандантып жатканын айтып, андан тышкары, Бала-Саруу ГЭСи, Кайнама ГЭси, Ысык-Ата, Көк-Арт, Исфайрам ГЭСтери, Курак-Тектир ГЭСи жана Кыштут ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилгенин билдирди. Муну менен катар жакынкы 3-4 жылдын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюла турганын белгиледи.
Мындан тышкары мамлекет башчы өлкөдө жыл сайын энергияны колдонуучулар көбөйүп жатканын айтып, бир жылдын ичинде бир катар курулуштар курулуп, ишканаларга дагы энергия көбүрөөк сарпталып жатканын билдирди.
Маектин соңунда мамлекет башчы ар бир ашыкча жанган жарык үчүн Токтогул суу сактагычынан суу агып жатканын айтып, электр колдонуучуларды электр кубатын үнөмдүү колдогууга чакырды. Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан жакынкы келечекте энергияны импорттоочу өлкөдөн, экспорттоочу өлкөгө айланарын билдирген.