Connect with us

Өзбекстан 2025-жылы жеңил өнөр жайга 2 млрд доллар инвестиция тартат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2024 | 359 | 0

Өзбекстан 2025-жылы жеңил өнөр жай тармагына 2 млрд доллар инвестиция тартат. Бул тууралуу кечээ, 12-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусундагы жыйында айтылган.

Өзбекстандын бул жылдын он айындагы текстиль экспорту 2,6 млрд долларды түзгөн. Мындан улам бул тармакта көлөмдү дагы да арттыруу үчүн атайын жол картасы иштелип чыккан.

Ошондой эле терини кайра иштетүү тармагына да көңүл бурулуп, бул жаатта адистер жетишсиз экени айтылган. Муну чечүү үчүн тери бут кийимдери жакшы өндүрүлүп жаткан Андижан, Самаркан, Наманган, Фаргона жана Ташкент облустарындагы ири фабрикаларга адистерди даярдоону техникумдарга жүктөп, ишканалар менен «дуал билим берүү» жолго коюлмакчы.

2025-жылга жеңил өнөр жай тармагы үчүн 2 млрд доллар сырткы инвестиция тартылып, анда 82ири тигүү фабрикасын ачуу жана 25 миң жумуш орун түзүү каралган. Ал эми текстиль өнүмдөрүн экспорттоону кийинки жылы 4 млрд долларга жеткирүү, тери буюмдарын экспорттоону 250 млн долларга чейин көбөйтүү пландалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM