Connect with us

Кыргызстандык сурдо таэквондочулар бир алтын, үч коло утушту

Кыска кабар , Спорт | 5 Дек 2024 | 462 | 0

Кыргызстандык сурдо таэквондочулар Малайзияда өткөн Азия-Тынч океан оюндарында бир алтын жана үч коло медаль утушту.

Кыргызстандан барган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар 1-декабрдан 8-декабрга чейин Куала-Лумпурда өтүп жаткан онунчу Азия-Тынч океан оюндарына катышты.

Алтын медалды өзүнүн категориясында эң мыкты аткаруу менен Шахида Амирова жеңип алды.

Коло медалдарды Асылхан Турдукулова, Бермет Марсбекова жана Азамат Мавлонов утушту.

Азия-Тынч океан оюндарында кыргызстандык 27 спортчу беш түрдүү спорт боюнча күч сынашууда: стол тенниси, күрөш, дзюдо, таэквондо жана шахмат.

Азия-Тынч океан оюндары угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн эң ири спорттук мелдештердин бири болуп эсептелет жана аймактагы ондогон өлкөлөрдүн катышуучуларын бириктирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM