Connect with us

Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-декабрда, Корея Республикасына расмий сапар менен барды.

Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчыны Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Жо Гу Ре жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Кореянын Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушуусу болот.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM