Connect with us

Кеминде жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө

Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 133 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургуну, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек киши Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал минип жүргөн аты кайтып келген.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылып, жалпы 11 адам издөө иштерине чыгышты. Издөө аракеттери учурда  улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM