Connect with us

Күзгү айдап-себүү: Буудай 190 миң гектар аянтка себилет

Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 248 | 0

Учурда Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күздүк буудайды жана арпаны себүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдиргендей, 2025-жылдын түшүмү үчүн жалпы 190,0 миң гектарга күздүк буудайды себүү каралган. 29-ноябрга карата буудайдын күздүк себүүсү 70 пайызга  аткарылган.

Чүй облусунда – 79,3 миң га, Ысык-Көл облусунда – 9,0 миң га, Жалал-Абад облусунда – 14,0 миң га, Баткен облусунда – 6,0 миң га, Талас облусунда – 10,0 миң га жана Ош облусунда 19,0 миң га күзгү себүү иштери аткарылды.

Күздүк арпаны 11,4 миң га жерге себүү пландалган, анын 8,9 миң гектарына себилди.

Кант кызылчасын жыйноо иштери аяктоо деңгээлинде турат. 29-ноябрга карата түшүмдү жыйноо жумуштары 13,3 миң гектар аянтта, же себилген аянттын 98,8 % жыйналып алынып, түшүмдүүлүгү 669,6 ц/га түздү.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 196,7 ц/га жогору.

Дүң жыйымы 892,4 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 271,4 миң тоннага жогору болуп отурат.

Кант кызылчасынын көрсөткүчтөрү 2024-жылы жогорку деңгээлде экени кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM