Connect with us

Кыргызстанда бийик чокуларды тазалоого багытталган долбоор ишке кирди

Жаңылык , Кыска кабар | 30 Ноя 2024 | 213 | 0

Кыргызстандын бийик чокуларын таштандылардан тазалоого багытталган «Таза Ала-Тоо» долбоорунун биринчи баскычында, чокулардан 7 тонна таштанды тазаланды. Бул тууралуу КР Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуарт Кубатов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул Ленин (7134 м) жана Хан-Теңири чокуларын (7010 м) таштандылардан жана эскирген аркандардан тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык долбоор.

«Долбоордун миссиясы эки маанилүү бөлүктөн турат: жаратылышты таштандыдан арылтуу, ошондой эле ата мекендик альпинисттерди чокуларды багындырууда колдоо»,-деди ал.

Кубатовдун айтымында, чокулардагы экологиялык абал катастрофага жакын жана аймактагы эң начар абалдардын бири.

«Негизги көйгөй — бул пластмасса жана темир торлор, башкача айтканда, эски аркандар. Бул экологиялык гана көйгөй эмес. Эски тосмолорду да коопсуздук көйгөйүн жаратат. Бир нече альпинисттер жарактан чыккан тосмолорду жаңысы деп ойлоп, тосмолорго чыгып алышып каза болгон учурлар болду. Долбоордун экинчи этабына улуттук жаратылышты коргоо кызматтары, жарандык экологиялык уюмдар, эл аралык долбоорлор менен биргеликте көп иштер турат. 3300-3500 метр бийиктикте жайгашкан базалык лагерлерде 2025-жылга карата көптөгөн тазалоо иш-чаралары пландаштырылган. 300дөй активист чогулат деген үмүттөбүз. Таштандыларды тазалоо үчүн бир аз каражат бөлгөнү туура келет. Эми биз ар бир альпинистке чогулткан таштандынын, киллограммына жараша акча төлөп беребиз. Азыр бир киллограмм таштандыга канча сом берилери каралууда”

Мындан тышкары, азыркы учурда, чокуларда дагы 100 тоннага жакын таштанды бар экени белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM