Connect with us

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган 24 автобус айдоочусу иштен алынды

Жаңылык , Кыска кабар | 30 Ноя 2024 | 224 | 0

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктуралык түзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору У.Бейшенбаев муниципалдык автобустардын катышуусундагы кырсыктар боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 2024-жылдын 10 айында 329 жол кырсыгы катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсүнөн, 160 учур экинчи тараптын күнөөсүнөн улам болгон.

Буга байланыштуу борбор калаанын башчысы төмөнкүлөргө сөгүш жарыялады:

  • кыймылдуу курамды эксплуатациялоо боюнча директордун орун басары А.К.Тукубаев;
  • башкы инженерлер: Өмүрзаков А.Т., Аскарбеков У.С., Чодонов Н.Б.
  • автоколонналардын башчылары: Дүйшеев А.Д., Маметов С.С., Табалдиев Б.Ж., Өскөналиев У.Н., Өмүркулов А.С., Молдобаев Э.А.
  • өндүрүш жетекчилери: Д.Э.Байтасов, М.Дүйшөнбек уулу;
  • бардык бригадирлерге;
  • бардык механиктерге;
  • бардык колонналардын механиктерине;
  • бардык мастерлерге.

Катуу сөгүш:

  • кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Ахметахунова С.А.

Иштен алынды:

  • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Асанов М.К.;
  • 5-автоколонанын начальниги Кожогелдиев К.Ж.
  • жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган 24 айдоочу жумуштан четтетилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM