Connect with us

Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков 30-декабрга чейин камалды

Жаңылык , Кыска кабар | 30 Ноя 2024 | 256 | 0

Сот жактоочу Самат Матцаковду 30-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алды. Бул тууралуу жактоочулар билдилди.

Бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Миран Шерматов карады. Самат Матцаковдун иишин сот карап,камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Сот процесси кече түнү башталып, бүгүн саат 8:00 чейин созулду.

Сотко тилектештигин билдирип 50-дөн ашык адвокаттар түнү менен сотто болуп, Матцаковко колдоосун көрсөтүштү.

Матцаковго Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен иш козголгону сотто маалым болду.

Адвокаттар тергөөчүдөн 379-берене менен кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон документти сотто көргөзүүнү талап кылып, судья аны алып келүүгө тергөөчүгө жарым саат убакыт берди.

Матцаковдун адвокаттары ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк келтирген, бирок өтүнүч четке кагылды.

Эске салсак, 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду кармаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM