Бүгүн, 29-нобрда Жогорку Кеңеште «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча парламеттик угуу өттү.
Анда Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мамлекеттик салык кызматынын ишин сындады. Айжигитов, салык кызматкерлери системдүү иш алып барбай, анын аркасында, ишкерлер менен аткаруу бийлиги менен орток ой таба албай жатат деген ойдо. Депутат, ишкерлердин ЭТТК, ЭЭФ системасын ишке ашырууда ишкерлерге убакыт берүүгө чакырды. Эгерде ишкерлерге шарт түзүлбөсө, ишин токтотууга аргасыз болуп жаткандыгын кошумчалады.
“Мага жеке ишкерлерден 10 миңге жакын кат келди. Мен алар менен жолугушуп, 3-4 саат отуруп аягына чейин түшүнгөн жокмун. Себеби, көп нерсе түшүнүксүз жана башаламан. Менимче ишкерлер менен аткаруу бийлик эки башка тилде сүйлөп бири-бирин такыр түшүнбөй жатат. Салыктык сиситема — экономиканын өсүшүнө чоң курал экени белгилүү. Эгерде салыктык система сабаттуу жана туура түзүлгөн болсо, сөпсүз экономика өсүш болот. Мунун аркасы менен өлкө бюджети да өсөт. Бул жакта ишкелер, өздөрү эсепчинин жардамы жок отчет берүү, элктрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүүнү бир канча убакытка жылдыруу боюнча сунуштарын айтып жатат. Биз айтылган нерселерди ишке ашырууга умтулушубуз керек. Аталган нерселерди ишке ашыруу үчүн иретттелген, системдүү план керек. Сиздерде ушул нерсе жок болуп жатат. Салык саясатында иреттүү, кадам менен түзүлгөн системалуу план болуш керек. Ошондон кийин гана ишкер же аткаруу бийлигинен өзүнүн ишин так аткарбаса салык салып же иштен айдалышы керек. Бул нерсе сиздерде жок болуп жатат, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ) ишке ашыра албай жатканыбыздын себеби,системанын жоктугунда. Муну сиздер чечишиңиздер керек, ишкерлер чече албайт”.
Жыйындын алкагында, Кыргызстанда расмий 50 миңден ашык ишкер катталганы белгилүү болду.