Connect with us

Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 107-орунда

Кыска кабар , Спорт | 29 Ноя 2024 | 998 | 0

ФИФАнын кезектеги рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 1194 упай менен 107- орунду ээледи.

Рейтингдин башында Аргентина, Франция жана Испания турат. Ал эми коңшу Өзбекстандын курама командасы 58-орунда, Тажикстан 104-орунда турса, Казакстан 110-орунду ээледи.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун алтынчы турунда 19-ноябрда Иран курамасы менен беттешип, 2:3 эсебинде жеңилди.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Кыргызстан алгачкы беттешин 5-сентябрда Иранга каршы ойноп 0:1 эсебинде утулган. 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилген. 15-октябрда Түндүк Кореянын оюнчулары менен беттешип, 1:0 эсебинде Кыргызстандын улуттук командасы жеңген.

Ал эми 14-ноябрда Бириккен Араб Эмираты менен ойноп, талаа ээлерине 3:0 эсбинде жеңилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM