Connect with us

Пашинян Астанада ЖККУнун саммитине катышпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2024 | 414 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 28-ноябрда Астанада өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине катышпайт. Бул тууралуу жергиликтүү 24News порталына Армения өкмөтүнүн төрагасынын басма сөз катчысы Назели Багдасарян билдирди.

«Армения Республикасынын ЖККУнун ишмердүүлүгүнө катышууну токтотуу боюнча позициясы өзгөргөн жок», — деди ал. Буга чейин тышкы иштер министри Арарат Мирзоян да ушундай чечим кабыл алганын билдирген.

Буга чейин Пашинян “ЖККУ Армениянын коопсуздугуна, анын келечектеги жашоосуна жана эгемендигине коркунуч жаратат” деп ырастаган. Пашинян ЖККУнун курамындагы эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабактагы аскердик операция учурунда Азербайжанга жардам бергенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM