Connect with us

Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тилин билүү талабы киргизилүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2024 | 358 | 0

Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу үчүн орус тилин билүү талабы киргизилүүдө.

Орусиянын Мамлекеттик Думасына чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын балдарын мектепке кабыл алуу үчүн орус тилинен сынак тапшыруу шартын киргизген мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу документ парламенттин төмөнкү палатасынын расмий сайтында жарыяланды.

Мыйзам долбооруна ылайык, «Орусия Федерациясында билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Анда чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын балдары мектепке кабыл алынары үчүн орус тилинен сынактан өтүшү керектиги белгиленген. Эгерде бала сынактан өтпөсө, мектепке кабыл алынбайт.

Сынактын тартиби жана критерийлери Орусиянын Билим берүү министрлиги жана Рособрнадзор тарабынан аныкталмакчы. Ошондой эле бул сынактар акысыз өткөрүлөрү каралган.

Депутаттар бул мыйзам долбоорун 10-декабрда биринчи окууда кароону пландашууда. Эгерде кабыл алынса, ал 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM