Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине түшкөн жашыруун катка байланыштуу УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү топ түзүлгөн.
Текшерүү жүрүп, чогултулган материалдардын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча, башкача айтканда, адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн натыйжасында мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийин ооган чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, аскердик тажрыйба жана конспирация көндүмдөрүнө ээ болгон жаран Ж.А.С. аныкталды.
Ошол эле учурда 1994-жылдан тарта Ж.А.С. Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн. Тергөө-оперативдүү тобу тарабынан Ж.А.Снын жогоруда аталган анонимдүү коркутуу каттын автору экендиги аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адамдын узак убакыт бою даярдык көрүү жана кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы аныкталды. Ал Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда чукул маалымат жыйынын уюштуруп, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна «коркунуч келтирерин билдирген» кат алганын айткан.