Кечээ, 23-ноябрь саат 16:00 чамасында кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жакын жер титирөө катталды.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Кытайда, Каракол шаарынан 175 км чыгыш тарапта болгон.
Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.