Connect with us

Жалал-Абадда жаңы аэропортту куруу макулдашылды

Кыска кабар | 23 Ноя 2024 | 78 | 0

Бүгүн 23-ноябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун «Жалал-Абад» эл аралык аэропортун куруу боюнча макулдашууга кол коюшту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптардын макулдашуусуна ылайык, аэропорттун курулушун баштоо 2025-жылдын январь айына пландалган. Ага карата Жалал-Абад облусунун Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер аянты бөлүнүп берилген.

Аймактагы жарандык авиацияны өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин төрагасынын ушул жылдын 20-ноябрында атайын тескемеси чыгарылган.

Облус башчысы бул ири долбоордун ишке ашуусу менен Жалал-Абад облусунун калкынын түйшүгү жеңилдеп, ички жана сырткы каттам жакшыраарын белгиледи. Ага катар кыргыз-кытай алакаларынын өсүүсү, экономикалык байланыштарды бекемдээрин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM