Балыкчы шаарынын окуучуларына кичи автобустар сатылып алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, фонддун каржылоосу менен 4 млн 950 миң сомго 4 кичи автобус алынды. Эми унаалар окуучулардын мектепке коопсуз жана ыңгайлуу жетип алышына шарт түзөт.
Фонд билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүп, облус боюнча мектеп, бала бакчалардын курулуштарын каржылап келет. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин имараттарын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, тийиштүү жабдыктар менен камсыздоого көмөктөшөт.