Connect with us

«Айымдардын ден соолугу» бир айлыгы жыйынтыкталды

Ден соолук , Кыска кабар | 21 Ноя 2024 | 904 | 0
den sooluk

Кыргызстанда «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгында 760 миңден ашык аял медициналык кароодон өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, республикалык бир айлык октябрь айында уюштурулду. «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыкта медициналык мекемелерге катталган жалпы аялдардын 50%ы дарыгерлерге кайрылышкан.

Анда 45 миңге жакын аялда кан басымынын жогорулашы биринчи жолу аныкталды, 10 миң аялда жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучу жогору экени белгилүү болду. Ошондой эле 5 миң 600дөн ашык аялда кант диабетинин жогорку коркунучу байкалды. 300 аял эмчек безинин рагына, ал эми 550 аял жатын моюнчасынын рагына шектелип саламаттык сактоо системасынын үчүнчү деңгээлине жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, бир айлык «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM