Connect with us

Темирлан Султанбеков абакта ачкачылык кармоону улантууда

Кыска кабар | 19 Ноя 2024 | 99 | 0

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков абакта ачкачылык кармоону улантууда. Бул тууралуу жактоочусу Айбек Турдуев «Маралга» билдирди.

Анын айтуусунда, Султанбеков жети күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Ал башында үч күн суу да ичкен эмес, азыр суу иче баштады. Абалы жакшы экенин, медиктердин көзөмөлүндө экени айтылды.

18-ноябрда Султанбеков түрмөдөн кат жазып, өзүнө кол салбай турганын жана эч нерседен коркпой турганын айткан.

Темирлан Султанбеков жана «Социал-демократтар» партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина, партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM