Connect with us

Футбол: Эртең Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын оюну болот

Кыска кабар , Спорт | 18 Ноя 2024 | 631 | 0

Эртең, 19-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши өтөт.

Оюн саат 20:00до башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадиондун эшиги саат 18:00дон баштап ачык болуп, шоу-программа орун алат. Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

Аталган беттешке билеттер азыркы убакытта kassir.kg, сайтында жана билет операторунун сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Кыргызстан алгачкы беттешин 5-сентябрда Иранга каршы ойноп 0:1 эсебинде утулган. 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилген. 15-октябрда Түндүк Кореянын оюнчулары менен беттешип, 1:0 эсебинде Кыргызстандын улуттук командасы жеңген.

Ал эми 14-ноябрда Бириккен Араб Эмираты менен ойноп, талаа ээлерине 3:0 эсбинде жеңилген.

Учурда “А” тайпасында 13 упай менен Ирандын улуттук курама командасы биринчи орунда келе жатат, андан кийин 10 упай менен Өзбекстан турса, 7 упай менен БЭА менен Катар өлкөлөрү келе жатат. Ал эми Кыргызстанда 3 упай болсо, Түндүк Кореяда 2 упай бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM