Кызыл-Кыя шаарында сейил бакка тиешелүү 70 сотых жерди 24 жаран мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Аталган министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында атайын текшерүү жүргүзгөн.
Анын натыйжасында, Молдо Кулмат атындагы сейил бакка тиешелүү 70 сотых жерди 24 жаран мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталган. Буга чейин аталган жарандарга акт түзүлүп, бир нече ирет эскертүү берилгендигине карабастан, талаптарды аткарбай келишкен.
“Жыйынтыгында, мыйзамсыз ээлеп алган жерлерге курулган курулуштар буздурулуп, аталган сейил бакка көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренесинин негизинде шаардык мэрияга жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жалпы 26000 сом айып салынды”, — деп айтылат маалыматта.