Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо беш партия 5% пайыздык босого чектен өттү.
- “Жаңы күч” партиясы — 29.37%,
- “Эмгек” партиясы — 21.92%,
- “Адилет” партиясы — 15.10%,
- “Ынтымак” партиясы — 14.02%,
- “Эл үмүтү” — 11.06%.
Ал эми “Улуу-журт” партиясы 1.34% добуш алып, босого чектен өтпөй калды. Баарына каршы 7.17% шайлоочу добуш берген.
Кечээ, 17- ноябрда жергиликтүү кеңештерди шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 1 150 931 киши шайлоого катышты, жалпы шайлоочулардын 27,83%зы добуш берди. Өлкө боюнча жалпысынан 4 миллион 135 миң 39 шайлоочу бар.