Connect with us

15-ноябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 143 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 15-ноябрда түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгышында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерге туман.Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…+10

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз +5…+7° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM