Connect with us

Перу өлкөсүндө Жо Байден менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу күтүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 495 | 0

АКШнын президенти Джо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен акыркы жолу 16-ноябрда жолугары болжолдонууда.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Перунун Лима шаарында өтүп жаткан Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгы форумунун алкагында эки лидер бир катар глобалдык чыр-чатактарды, анын ичинде Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы чыңалууну камтыган сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүп жатканын билдирди.

Бул жолугушуу Байден менен Си Цзиньпиндин апрель айындагы телефон чалуусунан кийинки биринчи пикир алмашуусу болот.
Эки лидер тең Тайвандан баштап Түштүк Кытай деңизиндеги маселелер жана Орусиянын чыңалуусун токтотуу боюнча аракетте орток пикир таппай келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM