Connect with us

«Суунун тартыштыгы курчуй берет». Жапаров Бакуда климат боюнча маселе көтөрдү

Кыска кабар | 13 Ноя 2024 | 171 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинин (COP29) алкагында Непал тарабынан уюштурулган «Тоолор коркунучта: Гималайдагы жоготуулар жана зыяндарды чечүү» аталышындагы тегерек столго катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөп жатып, дүйнөнүн көптөгөн тоолуу аймактарында климаттын өзгөрүшү тоо экосистемаларына жана адамдарга, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугуна, айыл чарбасына, жашоо каражаттарына, суу жана таза энергия сыяктуу негизги экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

«Биз тоолорго байланыштуу эл аралык саясий процесстерде, анын ичинде БУУнун Алкактык Конвенциясында жана Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык аракет планында, тоо өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары адилеттүү жана жетиштүү эске алынуусун колдойбуз.

Кыргызстанда биз тоолуу экосистемалардын аялуу экенин өзгөчө сезебиз, анткени алар биздин үйүбүз. Борбордук Азияда миллиондогон адамды суу менен камсыздаган мөңгүлөр тез арада жок болуп баратат. Бул Кыргызстандын гана эмес, регионалдык жана глобалдык көйгөй. Суунун тартыштыгы мындан ары да курчуй берет, бул болсо конфликттерге, туруксуздукка жана жакырчылыкка алып келиши мүмкүн», — деп белгиледи президент Жапаров.

Ал ушундан улам Кыргызстан БУУда Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу жоопкерчилигин өз мойнуна алганын, дүйнөдөгү тоолуу аймактардын өзгөчө көйгөйлөрүн таанууну колдоп жатканын айтты.

«Биз Конвенциянын алкагында Тоо жана климаттык өзгөрүүлөр боюнча диалогду жыл сайын өтүүчү иш-чара катары бекитүү демилгесин колдоого чакырабыз.

Келечекке көз жүгүртүп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш – бул жөн гана жашоо үчүн күрөш эмес, бул адилеттүүлүк, теңчилик жана абийир үчүн күрөш экенин эске алалы. Биздин тоо коомчулуктарыбыз, фермерлерибиз, балдарыбыз – бардыгы келечекте жөн гана жашап калбастан, өсүп-өнүгүүгө татыктуу», — деди президент.

13-ноябрда Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климат саммитине 50 миңден ашык адам, анын ичинен жүздөн ашуун мамлекеттин башчылары катышууда.

COP29 Дүйнөлүк климат саммити былтыр 30-ноябрдан 12-декабрга чейин Дубайда өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM