Connect with us

Молдовадагы шайлоо: Майя Санду 55,25% менен алдыга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 450 | 0

Молдовада өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда өлкөнүн азыркы башчысы Майя Санду 55. 25%ыз менен алдыга чыкты.

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты жарыялаган маалыматка караганда, учурда 2 219 шайлоо участоктун 2 208 участогунда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккан. Анда 55, 25% менен Майя Санду лидерлик кылууда, ал шайлоочулардан 923 610 добуш алган. Ал эми анын атаандашы, өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Александр Стояногло 44,75% менен экинчи орунда. Ал шайлоочулардан 748 161 добуш алган.

Бир катар маалымат каражаттары Майя Санду чет өлкөлөрдө жашаган молдовандардын добуштарынын аркасында жеңишке жеткенин жазышууда.

Майя Санду бул шайлоодо Молдова жеңгенин айтып, өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, бардык молдовандардын президенти болууга убада берди.

«Молдова, сен жеңдиң! Татыктуу келечек үчүн биздин добушубузда эч ким утулган жок. Мен сиздердин үнүңүздөрдү уктум — мени колдоп добуш бергендерди жана Александр Стояногло мырзага добуш бергендердин да үнүн уктум. Мен баарыңыздардын президентиңиздер болом деп убада берем”, — деген Майя Санду.

Шайлоонун биринчи турунда Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 98% иштеп чыккандан кийин Майя Санду 41,33%, Александр Стояногло 26,36%добуш алган.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM