Нарын шаарында 17 жаштагы кыз изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 4-ноябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 5 куткаруучу, Нарын шаардык №16 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 30 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 10 адам жалпы 45 адам чыгышты.
Маалым болгондой, Нарын шаарында ушул жылдын 2-ноябрь күнү, Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн.